Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү куугунтукка кабылганын айтууда.
Фархат Баабиев 22-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өткөн жыйында азыркы бийликти сындап сүйлөгөн. Ошондон кийин эскертүү бериле баштаганын ал «Азаттыкка» айтып берди.
- Сыртка чыкканда эле кварталдык комитет «анчалыкка эмнеге бардың, сени 10-бөлүмдүн балдары издеп жатат» деп чалды. Бүгүн эртең менен кайненемдин үйүнө эки бала кирип барыптыр, мени издеп. Бул диктатордук куугунтуктун далили.
Баабиев туулуп-өскөн Жумгал районундагы милиция да ал жөнүндө сураштырып жатканы тууралуу укканын, өзү Бишкекте турарын, такси айдап оокат кыларын айтууда.
Ал Атамбаевдин тарапкерлеринин жыйынында: «Эртең Башкы прокуратура иш козгоп, Алмаз Шаршеновичтин кол тийбестигин алчу болсо, ошол күнү Ак үйгө барышыбыз керек. Ташиев секирген тосмодон биз да секире алабыз! Мындай бийликтин кереги жок! Мындай максатсыз, келечексиз башкаруунун кереги жок. Сооронбай Жээнбеков кетсин! «Чимкирик» депутаттар тезинен кетсин!» деп сүйлөгөн.
22-июнда УКМК аймак аралык кастыкты козуткан адамдар кылмыш жообуна тартыларын эскерткен билдирүү таратты.
Баабиевдин куугунтук тууралуу дооматтарына президенттик администрация тараптан да, Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМКдан да комментарий боло элек.
Атамбаевди кылмыш жообуна тартыш үчүн кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө сунуш жакында парламентте 100 добуш менен колдоо тапты. (RK)