Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

400дөн ашуун учкуч «Boeing» корпорациясын сотко берди


«Boeing 737 MAX» учактары.
«Boeing 737 MAX» учактары.

400дөн ашуун учкуч «Boeing 737 MAX» учактарынын Индонезияда жана Эфиопияда кырсыкка себеп болгон бузук жерлери үчүн «Boeing» корпорациясын сотко берди. Эй-Би-Си агенттиги кабарлагандай, доо арыз 21-октябрда Чикаго сотунда каралат.

Буга чейин учактын айрым жабдыктары маалыматты туура эмес көрсөтүп турган учурлар болгону айтылган. Быйыл март айында Эфиопиядагы кырсыкта 157 адамдын өмүрү кыйылган. 2018-жылдын октябрь айында ошол эле «Boeing 737 MAX» Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан.

Эки учурда тең электроника жабдыктары учкучтарга бийиктикти туура эмес көрсөткөн.

Ошондон кийин көп өлкөлөр «737 MAX» лайнерлерине өз аймагынан учууга тыюу салышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG