Эфиопия армиясынын башкы штабынын жетекчиси, генерал Сир Меконненди баш калаа Аддис-Абебада өз жансакчысы атып өлтүрдү.
Армиянын кол башчысы өлкө түндүгүндөгү Амхара аймагында өкмөткө каршы уюштурулган төңкөрүш аракетин токтотуу операциясы маалында каза тапканын премьер-министр Аби Ахмеддин кеңсеси 23-июнда билдирди.
Ишембинин кечинде Меконнен менен кошо дагы бир генералды атып өлтүргөн жансакчы камакка алынганы белгилүү болду.
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед 22-июнда кеч менен сыналг аркылуу элге кайрылып, өз өкмөтү баш калаа Аддис-Абебанын чекесиндеги аймакта төңкөрүш аракетин токтотконун билдирген.
Ал айрым армия кызматкерлери өкмөттү төңкөрүүгө аракет кылганын, аны токтотуу операциясы бир нече кишинин өмүрүн алганын кошумчалаган.
Эфиопия өкмөтү учурда өлкөдө кырдаал туруктуу экенин билдирүүдө.
АКШнын Эфиопиядагы элчилиги Аддис-Абебада 22-июнда атышуунун добушу угулганын ырастап, өз кызматкерлерин көчөгө чыкпоого чакырды.
Соңку бир канча жылдан бери Эфиопиянын Амхара сыяктуу бир нече аймактарында улут аралык кагылышуулар жүрүп жатат.