Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Киевдеги «Теңдик маршына» миңдеген адам катышты


Киевдеги жүрүш. 23-июнь, 2019-жыл.
Киевдеги жүрүш. 23-июнь, 2019-жыл.

Украинанын баш калаасы Киевде ЛГБТ өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүш үчүн уюштурулган «Теңдик маршы» өттү. Уюштуруучулардын бири Руслана Панухник жекшембидеги иш-чарага 8 миңге чукул киши катышканын билдирди.

Бул күнү украин баш калаасында коопсуздукту сакташ үчүн жүздөгөн полиция кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын аскерлери ишке тартылды.

Киевдеги жүрүш башталганда айрым адамдар ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы жазуулары бар баннерлерди көтөрүшүп, «Уят!» деп кыйкырып турушту.

Полиция жүрүш маалында тогуз адам «чагымчыл аракеттерге барды» деген шек менен кармалганын маалымдады.

Украинанын борбор шаарында ЛГБТ өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөн мындай жүрүштөр 2016-жылдан бери өтүп келет.

XS
SM
MD
LG