Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:54

Петербургда саясий куугунтукка каршы акцияда эки адам кармалды


Москвадагы «Коом калыстыкты талап кылат» деп аталган акция, 23-июнь 2019-жыл.
Москвадагы «Коом калыстыкты талап кылат» деп аталган акция, 23-июнь 2019-жыл.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында саясий куугунтукка каршы митингдин кеминде эки катышуучусун полиция кармап кетти. Алардын биринин колунда орус президенти Владимир Путинди «узурпатор» деп атаган плакат бар экенин «Медуза» басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургдагы бийликтин уруксаты жок өткөрүлгөн акцияга 50дөй адам катышууда. Алардын 15ке жакыны резонанс жараткан кылмыш иштеринин фигуранттарынын сүрөттөрүн кармап турушат. Полиция аларды тарап кетүүгө чакырып, болбосо күч колдонуларын эскертти.

«Медуза» басылмасынын баңгизат соодасына байланыштуу кармалып, кайра коё берилген журналисти Иван Голуновго колдоо көрсөткөн жана бийликтен ондогон адамдарга каршы саясий куугунтукту токтотууну талап кылган мындай акциялар 23-июнда Москва, Владивосток, Самара сыяктуу бир нече шаарда да өттү.

XS
SM
MD
LG