Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Прагада премьердин иштен кетишин талап кылган ири акция өттү


Праганын Летна паркында өткөн акция. 23-июнь, 2019-жыл.

Чехиянын баш калаасы Прагада жүз миңдеген адамдар премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылышты.

Уюштуруучулар Летна паркындагы акцияга 250 миң киши катышканын билдирүүдө. Бул санды эркин маалымат булактары азырынча ырастай элек.

Бирок жекшембидеги митинг өлкөдө 1989-жылы коммунисттик бийлик кулагандан берки эң ири каршылык акциясы катары мүнөздөлүүдө.

Чех өкмөт башчысына каршы ушундай эле акция июнь айынын башында Праганын Вацлав аянтында да өтүп, ага 120 миңдей киши катышканы кабарланган.

Мындай нааразылыкка Андрей Бабишке тагылып жаткан коррупция боюнча айыптар себеп болду. Учурда ага каршы Евробиримдиктин фонддорунун айланасындагы көз боёмочулук боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Чехиядагы эң бай адамдардын бири деп мүнөздөлгөн 64 жаштагы Бабиш өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG