Бүгүн, 24-июнда Борбор Азиядагы Америка Университетинде (БААУ) «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар» аттуу эл аралык конференция өтөт. Анда өкмөттүн туризмди өнүктүрүү стратегиясы боюнча маалымат берилет. Ошондой эле экологиялык туризмди өнүктүрүү чаралары менен кыйынчылыктар, кышкы туризмди өнүктүрүү, анын сапатын жакшыртуу маселелери талкууланат. Катышуучулар бул тармакта Кыргызстандын аброюн көтөрүү, тоолуу райондорго туристтерди тартуу, жайлоо туризми боюнча изилдөө материалдары менен таанышат.
Буга чейин Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатканын «Азаттыктагы» маегинде билдирген. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанга 7 млн. жакын турист кирип чыккан. (КЕ)