Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Кыйноо фактылары боюнча арыздангандар өткөн жылдан азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын беш айында Кыргызстандын Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборуна жалпысынан 70тен ашуун арыз түшсө, 30га чукулу кыйноо фактысына арызданган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу азыраак. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, былтыр 238 арыз-даттануу түшкөн. Анын 123ү кыйноо фактысы, 50дөн ашууну катаал мамиле боюнча, калгандары башка укук бузууга байланыштуу арыздангандар.

- Башына желим баштык кийгизүү, батареяга колун байлап коюу, кышында муздак суу чачуу дегендер азайды, - деди борбордун жетекчиси. - Азыр көбүнчө эле ур-токмок болуп жатат. Мындан сырткары психологиялык басым, «чөнтөгүңө баңгизат салып кетебиз, үй-бүлөңдү ойло» дегендей коркутуу басымдуулук кылууда.

Бул кайрылуулардын негизинде Башкы прокуратура он чакты кылмыш ишин козгогон. Башка иштер боюнча башкы көзөмөл мекемеси тиешелүү органдар менен чогуу тергөө жүргүзүүдө. Бүгүн кыйноого каршы күрөшүүнүн жыйынтыгы, жасалып жаткан иштер боюнча аталган борбор маалымат берет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG