Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Грузин футболчулары орус оккупациясына каршы чыгышты


Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар. 23-июнь, 2019-жыл.
Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар. 23-июнь, 2019-жыл.

Тбилисиде миңдеген адамдар 20-июнь күнү өткөн нааразылык акциясында күч колдонгондорду жазалоону жана иштен алууну талап кылып чыгышты. Жекшембидеги акция саат 19га жакын Руставели проспектисинде, парламент имаратынын алдында башталды. Айрым катышуучулар Орусияны, анын президенти Владимир Путинди айыптаган баннерлерди көтөрүп чыгышты.

Тбилисиде «Локомотив», «Рустави» жана «Торпедо» футбол клубдары Грузиянын 19-чемпионатында Орусиянын тышкы саясатына карата өз мамилелерин билдиришти.

«Торпедо» клубунун спортчуларынын футболкаларында «Мен Грузияданмын, менин өлкөмдү Орусия басып алган» деп жазылган. Калган эки топтун оюнчулары да Грузиянын 20% аймагы оккупацияга кабылганын ишарат кылышкан.

Мамлекеттик Дума грузин футболчуларынын акциясына ошол замат жооп берди. Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын депутаты Игорь Лебедев Эл аралык футбол федерациясын оюнчуларды ФИФАнын уставына ылайык жазалоого үндөдү. Эреже боюнча расмий оюндар учурунда саясий акцияларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган. Буга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун «Грузияны сыйлабастык» катары баалашкан.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

Тбилисиде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан 200дөн ашуун адам түрдүү жараат алды, алардын 80и күч кызматкери экени айтылууда.

Демонстранттар Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахариянын кызматтан кетишин жана шайлоо реформасын талап кылышууда. Бул окуядан улам парламенттин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG