Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Тбилиси: митингдегилер министрдин кызматтан кетишин талап кылышты


Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган.
Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында орус депутатынын айынан башталган нааразылык акциялары уланып жатат. Жекшембидеги митинг кечки жуук парламенттин имаратынын алдындагы Руставели проспектисинде башталды жана анда демонстранттарга күч колдонууга жол бергендерди жоопко тартуу, ички иштер министрин кызматтан алуу жөнүндө талаптар айтылды.

Нааразы болгондор «Орусия - оккупант» деген сыяктуу орус бийлигин, анын президенти Владимир Путинди айыптаган жазууларды кармап турушту.

Нааразылык акциялары 20-июнда башталган жана Тбилисиде полиция менен демонстранттар кагылышкан. Анда 290 адам жабыркаган, алардын 80и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болгон.

Нааразылык Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан тутанган. Ал Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Оппозиция Гавриловдун парламентте төрдө спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданган жана алар муну Грузияны сыйлабастык катары баалап жатышат.

Бул окуядан кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклия Кобахидзе кызматтан кеткен.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG