Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Ошто мигранттарды реабилитациялоо борбору ачылды


Орусияда иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусияда иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Аталган борбордо мигранттарга укуктары, жумушка орношуу жана алар барып иштеген өлкөлөрдүн мыйзамдары тууралуу кеңири маалымат, кеп-кеңештер берилет. Ресурстук борборду Ош шаарындагы «Улыбка» коомдук фонду Эл аралык миграция уюму менен чогуу ачкан.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, долбоордун максаты - кулчулуктун алдын алуу жана адам сатууга каршы күрөшүү менен элдин жакырчылыктан чыгышына көмөктөшүү.

Долбоор Кыргызстандын түштүгүндө эки жерде: Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жана Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүндө сыноо иретинде ишке кирди. Бул борборлордун ишинен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө эмгек миграциясына камынып жаткан жарандар, миграцияда жүрүп укугу бузулгандар жана ошондой эле кулчулукка кабылгандар кайрылып, пайдалана алышат.

Учурда Орусия, Казакстан жана башка чет мамлекеттерде миграцияда жүргөндөрдүн көпчүлүк бөлүгү Ош облусунун, анын ичинде Кара-Суу районунун тургундары экени айтылып келет. Жергиликтүү расмий маалыматтар боюнча, Кара-Суу районунда мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарын калтырып, чет жакка иштөө үчүн кеткен он миңден ашуун үй-бүлө катталган. (MdN)

XS
SM
MD
LG