Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:10

Селфи кылып жатып сууга аккан кыздын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Теплые ключи эс алуу жайында өзүн-өзү сүрөткө тартыш үчүн Арашан дарыясынын жээгине барып, сууга агып кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү 24-июнда табылды.

Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, маркум Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу болгон. Ал 23-июнда классташтары жана мугалимдери, айрым ата-энелер менен бирге тоого эс алууга барган. Саат 19.00 чамасында эки кыз дарыянын боюнда сүрөткө түшүү үчүн барып, алардын бири тайгаланып сууга агып кеткен. Сөөгүн куткаруучулар эки күндөн кийин табышты.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады.

Кыргызстанда өзүн-өзү сүрөткө тарткан адамдар ар кандай кырсыктарга кабылган учурлар буга дейре да кезиккен.

16-июнда Аксы районунун Үч-Коргон айылында Нарын дарыясынын жээгинде өзүн сүрөткө тарткан 13 жаштагы үч кыз сууга агып, алардын экөөнү жергиликтүү тургун куткарып каллган. Бири изделүүдө.

XS
SM
MD
LG