Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Майк Помпео: АКШ Иранга байланыштуу «глобалдык коалиция» түзгүсү келет


24-июнда Майк Помпео Сауд Арабиясына келди
24-июнда Майк Помпео Сауд Арабиясына келди

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 24-июнда Сауд Арабиясына келди. Анын мындан кийинки сапары Бириккен Араб Эмираттарында уланмакчы.

Помпео Жакынкы Чыгышка жол тартып баратып Вашингтон Тегеранга байланыштуу жагдай боюнча «глобалдык коалиция» түзүүнү көздөп жатканын айткан.

Помпео Иранды «террорчулуктун дүйнөдөгү ири демөөрчү-мамлекети» деп атап, ага каршы Перс булуңунда гана эмес, Азия менен Европада да коалиция түзүү анын бул сапарында талкуулана турган маселелердин бири экенин белгилеген.

Ошол эле кезде Помпео президент Дональд Трамптын «Вашингтон Тегеран менен сүйлөшүүлөргө даяр» деген сөзүн кайталады.

Америка тараптын соңку сыны менен сунуштарына Ирандын президенти Хасан Роухани 23-июнда жооп кайтарып, АКШны «чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптаган болчу.

Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкө ортосунда чыңалуу күчөдү. Бул окуядан кийин президент Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG