Казакстандын Арыс шаарында жайгашкан кампадагы жарылууга байланыштуу «Кыргыз темир жолунун» Бишкек-Москва багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулат. Бул тууралуу маалымат аталган мекемеден алынды. Каттам качан жүрө турганы айтылган эмес.
24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, өрт чыкты. Бир киши каза таап, ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.
Казакстанда Ички иштер министрлигинин аскердик-тергөө бөлүмү жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. (КЕ)