Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:03

Германияда эки аскердик учак кагышып, бир учкуч каза болду


Германиянын аскер-аба күчтөрүнүн «Eurofighter Typhoon» кыргын салуучу учактары.
Германиянын аскер-аба күчтөрүнүн «Eurofighter Typhoon» кыргын салуучу учактары.

Германиянын түндүгүндө эки «Eurofighter Typhoon» кыргын салуучу учагы кагышты. Эки учкуч тең учактан ыргып чыгууга үлгүрдү, бирок алардын бирөө каза болуп калды. Экинчи учкучту куткаруучулар 20 метр бийиктикте даракта асылып турган жеринен табышты. Ал ооруканага жаткырылды. Баштапкы маалыматка караганда учактар абада кагышкан. Аларда курал-жарак болгон эмес. Учак кулаган жерде токой өрттөнүп, бир нече сааттан кийин гана өчүрүлдү.

«Eurofighter Typhoon» - төртүнчү муундагы көп максаттуу кыргын салуучу учак. Аны европалык авиакурулуш фирмасы чыгарат. Ал Германиянын, Италиянын, Испаниянын, Британиянын, Астриянын жана Сауд Арабиясынын аскер-аба күчтөрүндө пайдаланылат.

XS
SM
MD
LG