Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) санкциялык механизмге чектөө киргизүү боюнча резолюция кабыл алды. Бул үч жылдык тыныгуудан кийин орусиялык делегациянын ЕКПАга кайтып келишине шарт түзөт. Парламенттик ассамблеянын жайкы сессиясы Страсбургда башталып, добуш берүү 24-июндан 25ине чейин болду.
Резолюцияны 118 делегат колдоп, 62си каршы добуш берди. Он киши арсар добуш берди.
17-майда Европа Кеңешинин министрлер кабинети «мамлекеттер ЕКПАга тең укукта катышуусу керек» деген арызды кабыл алган. Анда министрлер бардык делегация Европа Кеңешинин баш катчысын шайлай турган ассамблеянын июндагы жыйынына катыша аларын билдиришкен. ЕКПАнын бюджетине мүчөлүк акы төлөө уюмдагы өлкөлөрдүн негизги милдети экени белгиленген.
ЕКПАнын сессиясы чыңалган абалда өттү. Украин делегациясынын мүчөлөрү күн тартибин өзгөртүүнү сунуш кылышты. Резолюцияны кароого сегиз сааттан ашуун убакыт кетип, анын текстине 200дөй алымча-кошумча киргизилди. Аларды Украина, Грузия жана Британия сунуш кылышкан.
Добуш берүүдөн кийин украин делегациясынын жетекчиси Владимир Арьев «Фейсбуктагы» баракчасына «эч кандай шарты жок орусиялыктардын келишине шарт түзүлсө, Украинанын ЕБПАда кыларга иши жок», - деп жазды.
2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин Орусия ассамблеядагы бир катар укуктардан ажыратылган. Ошону менен катар уюмдун чечим кабыл алуучу жыйындарында добуш берүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө катышуу укуктары чектелген.