Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча чечими даяр болду


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча Башкы прокуратуранын чечими даяр болду.

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин шейшембидеги жыйынында депутат Талант Мамытов билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын корутундусу Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга келип түшкөнүн билдирип, аны талкуулоону бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Бул сунуш колдоо таап, жыйынга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов келди. Комитет бүгүн маселени кайсы күнү жалпы сессияга алып чыгууну чечет.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген.

Парламент экс-президентке карата алты жагдай, «бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деп шек саноого негиз бар деген тыянакка келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG