Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча чечим сессияда каралат


Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйыны. 25-июнь, 2019-жыл.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйыны. 25-июнь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча корутундусун жалпы сессиянын кароосуна алып чыгат. Бул тууралуу комитеттин бүгүнкү жыйынында айтылды. Эми маселе парламенттин жалпы жыйынында шаршемби же бейшемби күнү каралышы күтүлүп жатат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы азырынча ал кайсы күнү сессиянын күн тартибине киргизилери белгисиз экенин билдирди.

Жыйында экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүм каралды. Аны башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тааныштырды. Жамшитовдун айтымында, депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «​өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылды.

Калган беш айып боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылды. Алар - «Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG