Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Уругвайда «Миландын кокаин паашасы» түрмөдөн качып кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Уругвайдын борбор шаары Монтевидеодогу түрмөдөн «Миландын кокаин паашасы» деген каймана атка конгон, италиялык мафиянын анабашы Рокко Морабито качып кетти. Полиция италиялык кылмышкер өлкөсүнө экстрадиция болгону жатканын билдирди.

53 жаштагы Морабито менен кошо Бразилия менен Аргентинага жөнөтүлгөнү жаткан үч киши качты. Алар түрмөнүн чатырындагы жыртыктан чыгып кеткен.

Морабито 23 жыл жашырынып жүрүп, 2017-жылы сентябрда Монтевидеодогу кымбат мейманканалардын биринде колго түшкөн. Ал Италияда сыртынан 30 жылга соттолгон жана 1994-жылдан бери издөөдө жүргөн. Анда Морабито Бразилиядан Италияга баасы 7,5 миллион долларга бааланган бир тоннага жакын кокаинди алып кирүүгө аракет кылган.

Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини Морабитонун түрмөдөн качып кеткен боюнча Уругвай өкмөтүнөн түшүндүрмө талап кылды.

Министр мафиянын анабашын «жердин жети катар түбүнөн болсо да издеп табууга» убада берди.

XS
SM
MD
LG