Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров өз эрки менен кызматтан баш тартарын күтүүсүз билдирди. Ал өлкөнүн улуттук телеканалынан атайын билдирүү жасап, «ыйгарым укуктарынан баш тартарын билдирип Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылганын» маалымдады. Кызматтан кетип жаткан себебин ал «ингуш коомчулугунун ыдырап, жиктелип калганы» менен негиздеди.
Былтыр сентябрь айында Евкуров Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен эки өлкөнүн ортосундагы чек араны бекитүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Анда Чеченстанга Ингушетиянын алда качан көп жери өтүп кеткени айтылган жана бул ингуш коомчулугунда чоң нааразылык жараткан. Мунун айынан митингдер болгон, полиция менен тургундар кагылышып, ондогон адам кармалып, кылмыш иштери козголгон.
Евкуров Ингушетияны 2008-жылдан бери башкарып келе жатат. Владимир Путин анын арызын кабыл алган-албаганы азырынча кабарлана элек.