Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Парламентте тышкы карыз боюнча жумушчу топ түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын тышкы карызы боюнча жумушчу топ түздү.

Комитет бүгүн, 25-июндагы жыйынында өкмөттүн тышкы карыз тууралуу маалыматын укту. Маселе депутат, комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиевдин сунушу менен каралды. Жыйында финансы министринин орун басары Алмаз Азимов жана экономисттер маалымат беришти.

Натыйжада тышкы карыз боюнча жумушчу топ түзүп, быйыл октябрда парламенттик угуу өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

2019-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 481,96 млн. АКШ долларын (313 млрд. 39,95 млн. сомду) түзгөн. Анын 3 млрд. 838,75 млн. АКШ доллары (268 млрд. 115,40 млн. сом) тышкы карыз, 643,21 млн. АКШ доллары (44 млрд. 924,55 млн. сом) ички карыз.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (NT)

XS
SM
MD
LG