Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:42

Европада күн кескин ысып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европанын бир топ аймактарында абанын температурасы кескин көтөрүлдү. Францияда ооруканалар жана социалдык кызматтар ысык аптаптан улам күчөтүлгөн тартипке өткөнүн дүйшөмбү күнү француз президенти Эммануэл Макрон билдирди. Синоптиктердин божомолу боюнча, бул аптада Франциянын чыгыш жана түштүк аймактарында абанын температурасы 40 градустан ашат.

2003-жылы аномалдуу ысык Францияда 15 миңдей адамдын өлүмүнө себепчи болгон. Француз бийлиги мындай кырдаал кайталанбай турганын, медициналык кызматтар даярдыгы жакшы экенин билдирүүдө.

Дүйшөмбүдө Белгиянын борбору Брюсселде абанын табы 32 градуска чейин көтөрүлдү. Шейшембиде күн дагы ысышы күтүлүүдө.

Метеорологдор билдиргендей, Европада температуранын кескин жогорулашына Атлантика океанында айланып жаткан субтропикалык аба массасы жана Исландиядан Орусияга чейинки аймакты каптаган антициклон себеп болду.

XS
SM
MD
LG