Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Урматбек Самаев парламент комитетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталды


Урматбек Самаев.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлиги Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү.

Комитеттин бүгүнкү жыйынында анын фракциялашы Канат Исаев ушундай демилге көтөрдү. Бул комитетти «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жетектейт.

Урматбек Самаевдин ысымы буга чейин Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда аталган.

Анда чек арада «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видео аркылуу кайрылып, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган. Депутат бул ишке тиешеси жок экенин, өзүнө карата каралоо күчөгөнүн айткан. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG