Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Айдоочулук күбөлүктү «Гознак» компаниясы жасамай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендердин жеңүүчүсү деп «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому табылды. Келишимге ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 1-августтан тартып бериле башташы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Бир бланктын баасы 192 сомду түзөт. Бул экинчи компания сунуш кылган баадан дээрлик төрт эсе арзан. Буга чейин айдоочулук күбөлүк үчүн бланктар 10 евродон сатылып алынса, азыр улуттук валютада сатылмакчы.

Ушул жылдын башында өзгөрүп, күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик маанидеги бланктарды жергилктүү компаниялар гана даярдашы керек. Өкмөт документтерди даярдоо боюнча үч ишкананы – «Учкун», «Гознак» жана «Типография» мамлекеттик мекемесин аныктаган.

Буга чейин автоунааны каттоо бланктары (техпаспорт) түгөнүп, машинесин каттаткысы келген айдоочуларга убактылуу бланктар бериле баштаганы айтылган.

«Гознак» - Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү компания. (КЕ)

XS
SM
MD
LG