Бишкектин «Дордой» футбол клубу бүгүн, 26-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстандын «Хужант» клубу менен Азиянын футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун 6-турунда беттешет. Оюн кечки саат 20:00дө башталат. Бул «Дордой» командасынын АФК кубогунун тайпалык оюндарындагы акыркы беттеши.
19-июнда «Дордойдун» башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин шакирттери Ашхабадда Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» менен ойноп, 3:1 эсебинде жеңилип, АФК кубогунун кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
АФК кубогунун тайпалык оюндарында «Дордой» «D» тайпасында Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужант» командалары менен ойноп, 5-турдун жыйынтыгы менен тайпада акыркы орунду ээледи.
«D» тайпасынын сап башында беш оюнда тогуз упай топтогон «Алтын-Асыр» турат. Кийинки катарларды жетиден упайы бар Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужант» командалары ээлеп турат. «Дордой» беш оюнда бир жеңиш, бир тең чыгуу жана үч жеңилүү менен төрт упай топтогон. (КЕ/GT)