Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:56

Ысык-Көлдө таэквондо боюнча Азия чемпиондугу башталды

Кыргызстандык спортчулар.
Кыргызстандык спортчулар.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 26-июнда таэквондо ITF боюнча Азия чемпиондугу жана Азия кубогу башталды.

Кыргызстандын таэквондо ITF бирикмесинин башчысы Эдуард Хегай билдиргендей, таймаштарга 15 мамлекеттен спортчулар жана калыстар келди.

Спортчулар Чолпон-Атадагы дене-тарбия жана саламаттыкты чыңдоо комплексинде күч сынашат. Калыстарга «Good Lake» пансионатында семинар да уюштурулат. Окуудан өткөн калыстар дүйнө чемпиондугуна барып, таймаштарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.

Ысык-Көлдөгү Азия чемпиондугу 30-июнда аяктайт.

XS
SM
MD
LG