Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

Мамытов: Кытайда саясий негизде камалгандар жок


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кытайдын түрмөлөрүндө жасаган кылмышы үчүн болбосо, саясий негизде камалган кыргыздар жок. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Мамытов өлкөдөгү «тарбиялоочу» деп аталган лагерлерге токтолуп, мында жарандар окуп, кесипке үйрөнүп жатканын айтты.

Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күз айынан баштап чыга баштаган. Казакстандык «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.

Буга байланыштуу кытайлык жана кыргызстандык активисттер баш калаада атайын жыйындарды жана митингдерди өткөрүшкөн. Бишкекте «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» да түзүлгөн. Алардын өкүлдөрү акыйкатчы менен Бишкекте жолугуп, Кытайда байланыша албай жаткан туугандарынан маалымат алып берүүнү өтүнүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG