Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Атамбаевдин ишине байланыштуу Конституциялык палатага арыз жазылды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу парламенттин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп Конституциялык палатага кайрылышты.

Арызга депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова жана партиянын юристи Нурбек Касымбеков кол койгон.

Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарды.

Касымбеков «Азаттыкка» билдиргендей, Конституциялык палатага жолдонгон арызда комиссиянын түзүлүшү Баш мыйзамга каршы экени жазылган.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Парламенттин токтомун 100 депутат колдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG