Бишкекте 26-июнда «Move Green» экологиялык кыймылы өткөргөн жыйында баш калаадагы абанын булганышына байланыштуу жаңы изилдөө сунушталды.
Ал көрсөткөн маалыматка ылайык, Бишкектин абасы 2018-жылдын октябрынан 2019-жылдын март айына чейин текшерилип, РМ 2,5 (оор металлдардын) көрсөткүчү нормадан өтө жогору экени аныкталган.
Бул кыймыл Жогорку Кеңешке жана шаар бийлигине абага байланыштуу чукул чара көрүүнү сунуш кылды. Ошондой эле абанын сапатынын индексин киргизип, кышкы жылуулук берүү маалында элге маалымат таркатыш керек экенин билдирди.
Март айынын башында «Move Green» экологиялык кыймылы Бишкек шаарындагы абанын абалын текшерип туруш үчүн жети билдиргич (датчик) орнотуп, айрым райондордо абал кооптуу экенин жарыялаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аны төгүндөгөн. (BCh)