Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Пакистанда согушкерлер полиция бекетине чабуул коюшту


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Пакистандын Белужистан провинциясында үч согушкер полициянын участогуна чабуул койду. Кол салуудан бир офицер мерт болду.

Райондук полициянын башчысы Жавад Тариктин айтымында, эки жанкечти өзүн жардырып жиберген, ал эми үчүнчүсү атып өлтүрүлгөн.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө пакистандык талибдер алышты.

Пакистандын мунайга бай Белужистан аймагында улуттук же диний азчылыктарды бутага алган куралдуу топтор жана ислам согушкерлери бар.

XS
SM
MD
LG