Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Сүннөткө отургузуу маалында чарчап калган баланын өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунда сүннөткө отургузуу маалында чарчап калган үч жашар баланын өлүмү иликтенип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдиргендей, окуя 9-июнда райондук ооруканада болгон.

- Балага наркоз бергенден кийин эсине келбей, көз жумган,- деди Усубакунов.

Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги да ырастады.

Милиция окуя тууралуу 25-июнда, маалымат каражаттары кабарлагандан соң билген. Учурда райондук ички иштер бөлүмү окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

Баланы ооруканага чоң атасы алып келгени, ал мурда ошол жерде башкы дарыгер болуп иштеп кеткени айтылууда.

Эркек баланы сүннөткө отургузуу - мусулманчылыктагы жөрөлгөлөрдүн бири. (SE)

XS
SM
MD
LG