Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Финполдун бөлүм башчысы 70 миң сом пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу бүгүн 26-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Финполдун Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы ишкерден 5 миң доллар пара талап кылып, анын 70 миң сомун алып жаткан жерден колго түштү. Ал ишкерди «кылмыш жообуна тартам» деп коркуткан.

Кармоо операциясын УКМК Финполдун өзүнүн Ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгы менен бирге жүргүздү.

Кыргызстанда коррупция негизги мүшкүл экенин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин бул маселеге арналган атайын жыйынында айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG