Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Иран байытылган урандын көлөмүн көбөйтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тегеран уран байытууну тездетет. Бул тууралуу Ирандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин басма сөз өкүлү Бехруз Камалванди шаршемби күнү билдирди.

Буга чейин Ирандын бийлиги өзөктүк келишимдин алкагындагы айрым милдеттенмелерин аткарууну токтотоорун, 27-июндан тарта байытылган урандын көлөмүн өзөктүк келишимде белгиленген чектен же 300 килограммдан көбөйтөөрүн жарыялаган.

- Берилген убакыт аяктагандан кийин уран байытуу тездейт, - деп билдирди Камалванди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.

Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ макулдашуудан чыгаарын жарыялаган. Аны улай Иранга карата санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

XS
SM
MD
LG