Пара алуу үчүн айыпталган Сахалиндин мурдагы губернатору Александр Хорошавин Хабаровск крайындагы катаал режимдеги колонияга жиберилди. Бул тууралуу Федералдык жаза аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Адвокаттар Евгений Балабас жана Ольга Артюхова Хорошавинди тергөө изоляторунан абакка которуу тууралуу маалымдаманы алыша элек экенин билдиришти. Артюхованын айтымында, Хорошавин 2014-жылы Түштүк Сахалинсктин шаардык кеңешине шайлоодо пара алуу боюнча жаңы кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жаткан.
Былтыр февралда сот Александр Хорошавинди «Пара алуу» жана «Кылмыштуу жол менен тапкан акчаны адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны 500 миллион рубль көлөмүндө айыпка жыгып, бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан. Соттун чечими менен Хорошавиндин бир миллиард рублга бааланган мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлгөн. Мурдагы губернатор күнөөсүн мойнуна алган жок.
Марттын башында Европалык адам укуктары боюнча сот Орусияны Хорошавинге 5 100 евро төлөп берүүгө милдеттендирген. Страсбургдагы сот орус бийлиги Европанын Адам укугун жана эркиндигин коргоо боюнча конвенциясын бузду деп тапкан.