АКШнын бажы жана чек ара көзөмөл агенттигинин башчысы 25-июнда кызматтан кете турганын жарыялады. Жон Сандерс бул кызматка эки ай мурда дайындалган. Анын кызматтан кетүү боюнча чечими Мексика менен АКШнын чек арасында кармалган мигранттар көбөйүп, балдар Техас штатына караштуу Клинт аймагындагы көзөмөл борборунда катаал шартта кармалып жатканы белгилүү болгондон кийинки учурга туш келди.
Чек арадагы дарыяны сүзүп өтүүгө аракет кылган кезде сууга чөгүп өлгөн Оскар Альберто Мартинестин жана анын эки жаштагы кызы Валериянын окуясы учурда чоң талкуу жаратууда. Кызын кучактаган ата Мексиканын чек арадагы Рио-Гранде дарыясы аркылуу АКШнын Браунсвилла шаары тарапка өтүүгө аракет кылган кезде жан таслим болгон. Мексикалык «La Jornada» гезити жазганына караганда, Оскар Альберто Мартинес үй-бүлөсү менен АКШдан баш паанек ала албаган соң кызы Валерия менен чек арадагы дарыяны сүзүп өтүүнү чечкен.
АКШнын түштүк чек арасы аркылуу келген мигранттар акыркы айларда мурдагыдан да арбыды. Май айында эле 144 миң киши кармалган.
Өз өлкөлөрүндөгү жакырчылыктан, зордук-зомбулуктан жана кыянатчылыктан качкан борбор америкалык мигранттар АКШга Мексиканын чек арасы аркылуу киргенге аракеттенишет. Алар негизинен Гватемаладан, Гондурастан, Сальвадордон жер которгон мигранттар.