Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Инвесторлор климаттын өзгөрүшү менен күрөштө чукул чараларды талап кылышты


Климаттын өзгөрүшү менен күрөштү күчөтүүнү талап кылган акция. Париж, 2019-жылдын 15-марты.
Климаттын өзгөрүшү менен күрөштү күчөтүүнү талап кылган акция. Париж, 2019-жылдын 15-марты.

34 триллион доллар өлчөмүндөгү капиталды башкарган ири инвесторлор климаттын өзгөрүшү менен күрөштө чукул чара көрүүнү талап кылган ачык кат жазышканын «Reuters» агенттиги кабарлады.

Катка дүйнөлүк инвестициялык капиталдын дээрлик жарымын түзгөн 477 инвестор кол койгон. Инвесторлор Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат боюнча Париждеги макулдашуусунда каралган максаттарга жетиш үчүн «эч токтоосуз чечкиндүү чара көрүүнү» талап кылышты.

2015-жылы Парижде дээрлик 200 өлкө атмосферага көмүр кычкылынын чыгындысын азайтып, глобалдык орточо температураны 2 градустан ашырбай кармап туруу жөнүндө макулдашкан.

Инвесторлордун каты Жапонияда эки күндөн кийин башталчу «Чоң жыйырманын» саммитинин алдында жарыяланды. Катта инвесторлор өлкөлөргө Париж макулдашуусун бекем сактоону, электр энергиясын өндүрүү максатында көмүргө субсидия берүүнү токтотууну, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан финансылык отчеттуулукту жакшыртууну сунуш кылышкан.

Электр энергиясын өндүрүш үчүн көмүрдү эң көп колдонгон үч өлкө – бул Кытай, Индия жана АКШ. Орусия алтынчы орунда, Казакстан онунчу орунда турат.

XS
SM
MD
LG