«Датка-Кемин» линиясын курууга алынган насыянын пайдаланылышын иликтөөчү депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылууда. Депутат Аида Касымалиева төраганын орун басары болуп шайланганына байланыштуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилет. Бул маселе бүгүн, 26-июнда парламент жыйынында каралды.
«Датка-Кемин» линиясын жана «Кемин» көмөк чордонун, «Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүчтөр линияларын модернизациялоо» долбоорлорун ишке ашырууга багытталган насыя каражаттарынын пайдаланылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия былтыр сентябрда түзүлгөн.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган «Датка-Кемин» линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилген. Бул долбоорду мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттик жылдарындагы эң ири жетишкендик катары баалап келген.
«Датка-Кемин» линиясын ишке ашырыш үчүн да Кытайдын Эксимбанкынан 389 миллион доллар насыя алынган. Анын курулушун Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган.
«Датка-Кемин» долбоорун ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын колдонулушун териштирүү ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерден кийин эле Башкы прокуратурага тапшырылган. Ошол кезде башкы көзөмөл органы материалдарды УКМКга өткөрүп бергенин билдирген. (КЕ)