Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Гонконгдун тургундары «Чоң жыйырмага» кайрылышты


Гонконгдогу буга чейинки нааразылык акцияларынын бири. 17-июнь, 2019-жыл.
Гонконгдогу буга чейинки нааразылык акцияларынын бири. 17-июнь, 2019-жыл.

Гонконгдун тургундары кылмышкерлерди Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзам долбоорун жокко чыгаруу максатында кезектеги акцияны өткөрүштү. Демонстранттар бир катар өлкөлөрдүн консулдуктарынын алдына чыгып, «Чоң жыйырманын» саммитинде Кытайдын бийлигине таасир этүүгө үндөштү.

Митингдин катышуучулары «Өтүнүч, Гонконгду бошоткула» деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Транспаранттар англис, немис жана орус тилдеринде жазылган. Демонстранттар бери дегенде 16 мамлекеттин өкүлчүлүктөрүнө кайрылышкан.

АКШнын консулдугуна келип, демонстранттар президент Дональд Трампка арналган петицияны тапшырышты. Катта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңди мыйзам долбоорунан баш тартууга көндүрүү тууралуу өтүнүч камтылган.

«Чоң жыйырманын» саммити 28-29-июнь күндөрү Жапониянын Осака шаарында өтөт. Ага дүйнөдөгү ири 20 өлкөнүн лидерлери катышат.

XS
SM
MD
LG