Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Ошто 22 май куюучу жайдын иши сотко берилди


Мэр Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайда. Ош шаары. 20-март, 2019-жыл.
Мэр Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайда. Ош шаары. 20-март, 2019-жыл.

Ош шаарынын борбордук тарабында жана эл жыш отурукташкан аймактарында жайгашкан май куюучу бекеттер шаардын сыртына чыгарылат. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов 26-июнда май куюучу бекеттердин ээлери менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, азыр бир нече май куюучу бекеттердин иши сотто каралууда. Сот алардын мыйзамдуулугун аныктоодо.

- Биз айрым мыйзамсыз жайгашкан, тиешелүү коопсуздук талаптарына жооп бербеген май бекеттерин жабалы деп, алар менен соттошуп жатабыз. Эми акыркы чекитти сот коет. Бирок тиешелүү коопсуздук талаптарына жооп бербеген май бекеттери жабылат, - деди ал.

Жыйында быйыл кышында жарылуу болгон май куюучу бекет тууралуу да сөз болду. Шаардын Түштүк-Чыгыш кичирайонунун тургундары жарылуу болгон май куюучу бекеттин алынышын талап кылышканы менен учурда ал дагы эле иштеп жатканын айтып даттанышкан. Жыйында мэр бул бекеттин ээсин өзүн билемдик менен сот чечимин күтпөй, кайра ишин жандандырып алганы үчүн сынга алды.

20-мартта кечке жуук Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу бекеттен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан беш бөлүм тартылган. Өрттөн эки адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Ош шаарындагы май куюучу бекеттердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тийиштүү кызматтардын жетекчилери, адистери кирген атайын комиссия түзүлгөн. Шаар аймагындагы 44 май бекеттин кыркы текшерүүгө алынган. Комиссиянын тыянагы менен алардын төртөөнө иштөөгө тыюу салынган. 22 май куюучу жайдын иши сотко берилген. 12 бекеттин ишин прокуратура карап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG