Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

Кремль Путин менен Трамп Осакада жолугушаарын тастыктады


Дональд Трамп менен Владимир Путин. 16-июль, 2018-жыл.
Дональд Трамп менен Владимир Путин. 16-июль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин 28-июнда Осакада «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугушат. Бул жолугушуу бир саатка созулушу пландалууда. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Жардамчынын айтымында, президенттер эки тараптуу иштердин жалпы абалын, стратегиялык туруктуулук жана аймактардагы чыр-чатактар маселелерин талкуулашат. Сөз Сириядагы, Корей жарым аралындагы, Ооганстандагы, Украина жана Венесуэладагы абал тууралуу болуп жатат.

Мунун алдында АКШ президентинин администрациясы Трамп бир нече өлкөнүн лидерлери менен жеке жолугушууларды пландап жатканын кабарлаган. АКШнын эл аралык мамилелер боюнча кеңешинин башчысы Ричард Хаасс Москва менен Вашингтондун мамилеси «начар абалда» экенин айтты.

XS
SM
MD
LG