Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:18

«КТ Мобайл» боюнча депкомиссия: Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы чууну иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Депкомиссия виртуалдык оператор түзүү боюнча «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишим туура болгон деп эсептейт.

Корутундуну парламентке комиссиянын төрагасы, депутат Курманкул Зулушев тааныштырды. Анын айтымында, комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун мурдагы катчысы Иманкадыр Рысалиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, «Кыргызтелеком» жана «Альфа Телеком» ишканаларынын ишине түз кийлигишкенин аныктады. Ушундан улам «өкмөт башчы Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын» деген чечим кабыл алынды.

Ал эми өкмөт башчыга Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Нурлан Смановдун, «Кыргызтелеком» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасынын жана башкармалыктын башка мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Андан тышкары Башкы прокуратурага «КТ Мобайл» компаниясындагы каржы-чарба иштериндеги мыйзам бузууга укуктук баа берүү, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айланасында козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу сунушталды. Ошондой эле Иманкадыр Рысалиевдин мамлекеттик мекемелердин ишине мыйзамсыз кийлигишкенине жана «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркутуусуна укуктук баа берүү тапшырылды. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да келди.

Маалыматка караганда, иликтөө ишин тездетүү максатында Эсеп палатасынын кызматкерлери тартылды. Иликтөөнүн жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрүнөн маалыматтар алынды.

Комиссия май айында «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайлга» 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө максатында түзүлгөн.

«КТ Мобайлдын» тегерегинде ызы-чуу быйыл майдын башында чыгып, алгач компаниянын жетекчилери чоң суммада маяна алып келгени, алардын бири болуп өкмөт башчынын бажасынын уулу иштей турганы катуу талкууга түшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG