Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

«Азаттык» резонанстуу иликтөөсү боюнча Финполиция менен кызматташууда


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

«Азаттык» радиосу май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды териштирүүгө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) менен иштешип жатат. Иликтөөдө пайдаланылган документтердин бир бөлүгү бул мекемеге 18-июнда расмий берилген. Иликтөөдө журналист таянган документтердин экинчи бөлүгү да Финансы полициясына тапшырылат.

13-июнда Финполиция Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде «Азаттык» иликтөөдө пайдаланган документтерди сураган. Учурда «Азаттык» иликтөөнүн экинчи бөлүгүн даярдоодо. Тиешелүү органдар менен кызматташуу иликтөө жарыялангандан кийин дагы уланат.

Иликтөөнүн автору Али Токтакунов Финансы полициясынын башчысы Бакир Таиров менен интервью уюштуруп, бул иш боюнча мамлекеттик органдын маалыматтарына байланыштуу суроолорун узаткан.

Май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жаратканы белгилүү. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 млн. доллар каражат чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу маалымат айтылган.

Журналист Али Токтакунов иликтөөсү аркылуу өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, айлыкка жашаган бир тууган Матраимовдордун ар кандай кеп-сөз ээрчиткен байлыгынын төркүнүн билүүгө жана коомчулукка туура жана так маалымат берүүгө аракет кылган. Программа даярдалып жаткан учурда «Медиаполиси Институтунун» юристтери менен байланышта болуп, алардан укуктук кеңеш алганыбызды да эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG