Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңеш катчылары Бишкекке чогулат


ЖККУ мамлекеттеринин туулары.
ЖККУ мамлекеттеринин туулары.

Бүгүн Бишкекте Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны өтөт. Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга ЖККУнун баш катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышат. Кезектеги отурум тар жана кеңири чөйрөдө өтүп, коопсуздук, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы туруунун кошумча чаралары талкууланат. Чогулушта уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон бардык тармактар боюнча сегиз маселе күн тартибине киргизилген.

Кыргызстан быйыл ЖККУда төрагалык кылууда. Бул уюмга Орусия, Беларус, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мүчө. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG