Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Жогорку Кеңеште калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүк саат өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент өкмөттүн калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында жасалып жаткан иштери боюнча маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда «таза суу жетпейт» деп айтылып келген 653 айылды кошкондо жалпы 1800 айыл бар. Мунун ичинен 57 айылга 2019-жылы суу жеткирүү пландалган.

Бишкек шаарында 23-майда өткөн «Аймактар үчүн таза суу» аттуу форумда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ичүүчү суунун жетишсиздиги анын ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин кайталаган. Ал 2014-жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн. сом акча каражаты бөлүнгөнүн эстеп, 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнүп берилгенин айткан. Анын сөзүнө караганда, быйыл бул сумма 500 миллион сом деп каралган.

«Таза суу» долбоорунун биринчи-экинчи айлампалары беш-он жыл мурда башталган. Каражаттын жетишсиздигинен жана түрдүү жагдайлардан улам ара жолдо калып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG