Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай жана Ворух чектешкен аймакта тургундардын чыры алдын алынды. Жергиликтүү тургундар 25-июнда аталган аймакта ок атылганын “Азаттыкка” билдиришкен. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкканын ырастап, ок атылганы боюнча маалымат жок экенин билдирди.
- Тажикстандын жарандары Ворухтун ичинде жайлоодон келаткан машинеге таш ыргыткан. Азыр эки жактын милициялары сүйлөшүп, абал тынч эле, - деди ал.
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынын калкы 2 миңдей адам. Бул айыл Тажикстандын 40 миңге чукул тургуну бар Ворух анклавы менен чектешип турат.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара такталбагандыктан жол, суу, жайыт талаштан улам бул айылда тынымсыз чыр-чатак болуп турат. Быйыл 13-14-март күндөрү чатак чыгып, ок атылган. Ошол күндөн бери эки өлкөнүн милиция кызматкерлери бул айылдарда коомдук коопсуздукту биргелешип көзөмөлдөөсүн улантып келет. (KE)