Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамындагы учак 27-июндан тартып кайрадан каттай баштайт. Учак 6-сентябрга чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттай турганын буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги кабарлаган. Каттам Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» ишканасы менен бирге жүргүзүлөт.
Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган. Мындан сырткары жыл сайын жайында Өзбекстандан Ташкент-Балыкчы поезд каттамы иштей баштайт. (КЕ)