Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Хорватиянын тышкы иштер министри ЕКПАнын башчысы болду


Мария Пейчинович-Бурич.
Мария Пейчинович-Бурич.

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) Хорватиянын тышкы иштер министри Мария Пейчинович-Буричти Европа Кеңешинин баш катчысы кылып шайлады. Анын бул позицияда иштөө мөөнөтү 2024-жылга чейин созулат. Ал Турбьерн Ягланддын ордуна келүүдө. Ягланддын ыйгарым укуктары октябрь айында аяктайт. Кеңештин баш катчылыгына Пейчинович-Буричтен сырткары Белгиянын башкы дипломаты Дидье Рейндерстин талапкерлиги каралган. Ошол эле учурда добуш берүүнүн экинчи турунда ЕКПА Орусиянын Мамдумасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкийди ассамблеянын вице-спикери кылып шайлаган жок. Анын талапкерлигин 105 депутат колдоп, 154ү каршы болду.

Былтыр бир канча журналисттер Слуцкийди жыныстык ыдык үчүн айыптап, Орусиянын Журналисттер кошууну ЕКПАга кайрылган. Слуцкий бул дооматтарды четке каккан, Мамдума аны колдогон. Добуш берүүгө узакка созулган тыныгуудан кийин орусиялык делегация да катышты. ЕКПА добуш берүүнүн алдында орус делегациясынын ыйгарым укуктарын бекиткен. Бул чечимге Украина жана башка айрым мамлекеттер каршы болушту.

XS
SM
MD
LG