Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

28-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Көл-Төр жайгашкан аймакта жүргөн туристтер.
Көл-Төр жайгашкан аймакта жүргөн туристтер.

28-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37,

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36,

Нарын аймагында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 34...36 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.

XS
SM
MD
LG