Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Касымалиева Атамбаевди «түндүк-түштүк маселесин курчутуп жатат» деп айыптады


Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийлик менен тирешүүдөгү аракеттерин сындады. Ал Атамбаев «элди түндүк-түштүк деп бөлүп жатат» деп айыптады:

- Ушул жерде түндүк-түштүк маселеси абдан ачыкталып жатат. Жаш саясатчы катары айтып коеюн, Алмаз Шаршеновичтин ушул маселени козгоп жатканы өтө уят жана тарых муну кечирбейт.

Касымалиеванын бул сөздөрүнө карата Атамбаевдин санаалашы, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов комментарий берди:

- Түндүк-түштүк суроосун Жээнбековго коюш керек. Ал президент жана ал элдин биримдиги үчүн жооптуу. Бул анын түздөн-түз милдети. Азыркы ызы-чууну Атамбаев эмес, Жээнбеков өз парламенти менен баштады. Мыйзамсыздыкты депутаттар жасап жатышат. Алар элди эмне үчүн бөлүп жатышат?

Парламент учурда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароодо.​ (RK)

Пикирлерди көрүңүз (49)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG