Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Мэрия: Бишкек шаарына 97 жаңы мектеп куруу зарыл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынара Исакова билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында 97 мамлекеттик орто мектеп бар. Ошол 97 мектепте былтыркы окуу жылында 157 миң 152 окуучу билим алды. Ошол 97 орто мектептин долбоордук кубаттуулугу 77 миң гана окуучуга ылайыкташкан. Демек бул Бишкектеги мектептерде балдардын саны эки эсе көп дегенди билдирет.

Учурда Бишкек мэриясы 16 жаңы мектеп салуу жана азыр иштеп аткан мектептердин бешөөнүн короосуна кошумча окуу корпустарын куруу пландалып жатканын билдирди. Бирок ал план качан ишке ашарын тактаган жок.

Бишкек шаарындагы мектептерде балдар көп болуп, ата-энелерден кошумча акча жыйноо кадимки көрүнүш болуп калганы коомдо ачык эле талкууланып келет. Мектептердеги паракорчулук мектептердин аздыгынан экени айтылып жүрөт. (YI)

XS
SM
MD
LG